Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Ысык-Көл облусу, Каракол 29.03.2016 14:52

Каракол шаардык кеңештин курамына биринчи жолу 22 жаштагы студент кирди

Turmush -  Каракол шаарында 27-мартта өткөн жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоонун болжолдуу жыйынтыгы боюнча жаңы курамга студент жигит кошулганы маалымдалды, деп билдирет Turmush басылмасынын кабарчысы.

Азамат Айтбаев алдыга чыккан «Табылга» партиясынын алдыңкы ондугуна кирген талапкер. 22 жаштагы студент учурда К.Тыныстанов атындагы университетте билим алууда.

«Мени Каракол шаарынын көйгөйлөрү түйшөлтүп келет. Эмнеге шаарыбыз башка шаарлардай боло албайт? Аны оңдоп, жаркыратып, жарашыктуу кылуу биздин колдо. Бирок жөнөкөй жарандарга шаарга өзгөртүү киргизүү кыйынга турат. Ошондуктан эң жаш талапкерлердин бири катары Каракол шаардык кеңештин депутаттыгына өз талапкерлигимди койгом», - деди ал.

Кыргызстандагы айрым жергиликтүү кеңештердин депутаттары шайланды. 27-мартта саат 08:00дө ачылган шайлоо тилкелеринде добуш берүү саат 20:00дө токтотулду. БШКнын маалыматына ылайык, Каракол шаарындагы шайлоочулардын 42%ы добуш берди.

Каракол шаарындагы шайлоочулардын добуштары:

- «Табылга» — 28,5%

- КСДП — 14%

- «Кыргызстан» — 10,2%

- «Республика — Ата Журт» — 9%

- «Өнүгүү Прогресс» — 8,3%.

БШКнын маалыматы менен Каракол шаардык кеңештин болжолдуу курамы түзүлдү.

«Табылга» — 12 мандат

- Акимканов Туратбек Жакшылыкович

- Махмутов Фархат Равильевич

- Жаныманова Рысгүл Токтошевна

- Бараков Акбарбек Садырбекович

- Сагымбаев Мирбек Өмүрбекович

- Хурова Галия Ринатовна

- Айсаракунов Эрлан Асанкадырович

- Айтбаев Азамат Туратбекович

- Кожонова Гүлнара Асанкуловна

- Жампеишов Руслан Жумашович

- Эгембердиев Курманбек Шапыкович

- Исмаилакунова Элмира Асанкадыровна

КСДП — 6 мандат

- Чыныбеков Максатбек Зарылбекович

- Моңолдоров Дамир Черикович

- Баратова Роза Аскеровна

- Маанаев Токтобай Исраилович

- Калмакиев Каныбек Турсуналиевич

- Исламова Аваз Мелисовна

«Кыргызстан» — 5 мандат

- Сапаров Улан Бектурович

- Алжанбаев Фархат Абдыхамитович

- Самаева Асель Аскарбековна

- Кыргызбаев Жумабек

- Сабатаров Бейшен Обокирович

«Республика Ата Журт» — 4 мандат

- Өскөнбаев Сеит Садырович

- Аматов Савурджан Асанович

- Баратова Натипа Адылгазиевна

- Кулинова Лола Абдурахмановна

«Өнүгүү Прогресс» — 4 мандат

- Абдубалиев Кубанычбек Сабырович

- Жолочиев Сергекаалы Асангалиевич

- Ибраева Айпери Токтомушевна

- Мамбетов Кубанбек Жамангулович. 

Каракол шаардык кеңеште 31 мандат бар.

Токмок шаардык кеңешке жаңы шайланган депутаттар

Ош шаардык кеңештеги жаңы курамдын болжолдуу тизмеси

Балыкчы шаардык кеңештин жаңы курамы

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×