Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Баракелде, Бишкек 29.03.2016 13:49

Жайыт комитетинин төрагасы айыл өкмөт башчысынын сунушу боюнча жайыт пайдалануучулардын көпчүлүк добушу менен шайланат

Turmush -  Бүгүн, 29-мартта ЖКнын Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында «Жайыттар жөнүндө» мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоор 3-окууда талкууланды.Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирди.

Жыйында белгиленгендей, жайыт пайдалануучулардан реалдуу канча каражат түшүп, алар кайда, кандайча жумшалып жаткандыгы ачык болбой калууда. Андан улам мыйзам долбоору аркылуу жайыт пайдалануучулардан түшкөн каражаттын 3/1 бөлүгүн жергиликтүү бюджетке калтыруу сунушталууда.

Жайыттардын чек ара маселелеринин талаштуу жагдайларын 2020-жылы белгиленип жаткан аймактык-административдик реформа жүргүзүлгөндөн кийин тактала турган болду. Ал эми мыйзам долбоорундагы башкы маселе - жайыт пайдалануудан түшкөн каражаттардын үчтөн бирин жергиликтүү бюджетке калтыруу зарылчылыгы бар. Мыйзам долбоору аркылуу киргизилип жаткан түзөтүүлөр менен жайыт пайдалануудан канча каражат түшүп жаткандыгын ачыктоого жол ачылат. Мындан сырткары, долбоордо жоопкерчилик маселеси да каралган, жоопркерчилик болмоюнча жайыттардын деградацияга учурашы токтобостугу белгиленген.

Ал эми жайыт комитетинин төрагасы тиешелүү жергиликтүү айыл өкмөтүнүн башчысынын сунушу боюнча жайыт пайдалануучулар тарабынан көпчүлүк добуш менен шайланаары мыйзам долбоорунда такталды.

Мыйзам долбоору 3-окууда Жогорку Кеңештин кароосуна сунушталды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×