Бөлүмдөр
Шейшемби, 22-октябрь
Баракелде, Бишкек 29.03.2016 13:25

Тармактык комитет ШКУ мамлекеттеринин чек ара кызматташтыгы жөнүндө мыйзам долбоорду жактырды

Turmush -  Бүгүн, 29-мартта Жогорку Кеӊештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети «2015-жылдын 10-июлунда Уфа шаарында кол коюлган чек ара маселелери боюнча Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин кызматташтыгы жана өз ара аракеттешүү жөнүндө Макулдашуунун долбоорун ратификациялоо жөнүндө» мыйзам долбоорун жактырды.

Мамлекеттик чек ара кызматынын берген маалыматына караганда, бул келишим ШКУга мүчө-мамлекеттеринин аймагында террорчулукка, сепаратисттик жана экстремисттик ишмердүүлүккө катыштыгы бар адамдарды табуу жана кирүү каналдарын жабуу жаатында кызматташтык жөнүндө макулдашууну мындан ары ишке ашыруу максатында түзүлгөн.

Бул келишим ШКУга мүчө-мамлекеттердин чек ара кызматтарынын ортосундагы кызматташтыктын укуктук базасын жакшыртууга мүмкүндүк түзүп, тараптардын ортосундагы тыгыз, таасирлүү жана ар тараптуу кызматташтыкка негиз болот.

Белгилей кетсек, ШКУга мүчө-мамлекеттердин башчылары тарабынан 2015-жылдын 10-июлунда кол коюлган бул келишимди буга чейин Кыргызстандан башка өлкөлөрдүн баары ратификациялаган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×