Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Баракелде, Бишкек 29.03.2016 12:40

Депутат К.Сатыбалдиев жашы жетпегендердин кылмыш иштери үчүн жаза чараларды катаалдаштырууну сунуштады

Turmush -  Кечээ, 28-мартта Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин жыйынында КР Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзам долбоору каралды.

Демилгечи депутат Кыянбек Сатыбалдиевдин айтымында, жазык мыйзамдарынын колдонуудагы ченемдери жогоруда көрсөтүлгөн кылмыштар үчүн 16 жаштан төмөн адамдарды жазык жоопкерчилигине тартууга мүмкүнчүлүк бербейт. Статистика көрсөткөндөй, экстремисттик маанидеги материалдарды сактаган, таркаткан, аскердик аракеттерге катышуу үчүн Сирияга чыгып кетишкен жана бул адамдарга тиги же башка формада көмөкчү болушкан адамдардын арасында 14-15 жаштагы жашы жетпегендер аз эмес. Аларга арзыбаган акчаларды берип, арам ишке тарткан учурларга жол бербеш үчүн жаза чараларын катаалдаштыруучу кадамдар керек.

Бирок К.Сатыбалдиевдин сунушу комитет мүчөлөрүн ынандыра алган жок.

Депутат Тазабек Икрамов, жашы жете элек балдарга карата жаза чараларын катаалдаштыруудан мурун, аларга туура түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, алардын кылмыш чөйрөсүнө аралашуусунан коргой турган иштер аткарылыш керектигин айтса, депутат Наталья Никитенко да алдын алуу иштерине караганда кесепетттер менен күрөшүү бир топ кыйын экендигин эске салып, Сирияда жүргөндөрдүн арасында 80ге жакын балдардын бар экендигин белгиледи. «Андыктан билим берүү, маданият жана массалык маалымат каражаттары аркылуу туура идеологиялык багыт берүү зарыл», - деп кошумчалады депутат.

Өз кезегинде, ИИМге жөнөткөн сурамжылоосуна алган жообу менен тааныштырган депутат Ашера Халикова өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктун жылдан жылга өсүп жаткандыгы тынчсыздандыруучу көрүнүш экенин белгиледи. «Балдар 7-8 жашында сабаттуулуктун сырларын ар кыл түстө талдоого көнүксө, ал эми балдар 14-15 жашка келгенде коомдогу бардык көрүнүштөрдү губка сыяктуу жакшы-жаманына карабай, өзүнө сиңирип ала берет. Ал эми 18ге келгенде кайсыл бир маселени жеке өзү талдап, пикирин коргой турган куракка келет», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×