Бөлүмдөр
Жума, 18-октябрь
Баткен облусу, Баткен 28.03.2016 15:10

Баткенде балдардын ынтымагын бекемдеген «Достук» эл аралык фестивалы өттү (фото)

Turmush -  Бүгүн, 28-мартта Апаз Жайнаков атындагы Баткен облустук музыкалык драма театрында балдар арасында эл аралык «Достук» фестивалы өттү. Иш-чарага өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жеңиш Разаков, Швейцария мамлекетинин Кыргызстандагы элчиси Рэне Холленштайн жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты.

Turmush басылмасына облустук өкүлчүлүктөн маалымдалгандай, «Достук» балдар фестивалын облус жетекчиси Ж.Разаков ачып, Баткен облусу эки мамлекет менен чектешип, региондо көп улуттун өкүлдөрү жашарын, кыргыз жана тажик эли көп кылымдар бою достукта, ынтымакта жана биримдикте жашап келгендигин белгиледи.

Ошондой эле фестивалдын алкагында балдар өз чыгармачылык чеберчилигин көрсөтүп, башка аймактардан жана кошуна мамлекеттен келген өнөрпоздор менен элге жакшы маанай тартуулады.

Фестивалга «Устат шакирт» борборунун балдар ансамбли, Тажикстан Республикасынын Худжанд шаарынан «Хунар» салттык музыка тобу, «Манас» президенттик камералык оркестринин кыл аспаптар квартети, белгилүү опера ырчылары катышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×