Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-октябрь
Баракелде, Бишкек 28.03.2016 14:31

Кыргызстандык делегация Москвада Россиядан аскердик-техникалык жардам жеткирүү тууралуу талкуулайт

Turmush -  Москвада эртең, 29-марттан 1-апрелге чейин Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн жумушчу сапары болот. Бул тууралуу Башкы штабдын басма сөз кызматы билдирди.

Делегациянын курамына КРнын коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы, генерал-майор Марат Кенжисариев, Башкы штабдын жетекчисинин орун басары полковник Нурлан Чомоев жана башка өкүлдөр кирди.

Иш сапардын жүрүшүндө, Кыргызстандын аскердик делегациясы Россиянын аскердик-техникалык кызматташтык боюнча федералдык кызматынын жетекчилиги жана Россиянын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын жетекчиси армиянын генералы Валерий Герасимов менен жолугушуп, аскердик-техникалык кызматташтыкты өнүктүрүү, аскердик-техникалык жардамдарды жеткирүү жана Кыргызстандын аймагында Бириктирилген россиялык аскер базасынын иштеши тууралуу пикир алышуулар болот.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×