Бөлүмдөр
Бейшемби, 24-октябрь
Жалал-Абад облусуТоктогул району 28.03.2016 10:15

«Ыр куржун» Токтогулдагы айыл өкмөттөрдү кыдырууда (фото)

Turmush -  Токтогул районундагы айыл өкмөттөр арасында «Ыр куржун» маданий иш-чарасы уюштурулуп жатат. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Торкент айыл өкмөтүнөн «Үлгү» ак элечек апалар тобу Тарых жана маданият жылына карата Токтогул райондук мамлекеттик администрациясы жана райондук аялдар кеңеши тарабынан уюштурулган «Ыр куржун» маданий иш-чарасы менен Үч-Терек айыл өкмөтүнө келип, 2 сааттык ыр майрамын өткөрүштү. Алар эстафетаны Үч-Терек айыл өкмөтүнүн айымдарына өткөрүп беришти.

Үч-Терек айыл өкмөтүнүн аялдар тобу «Ыр куржунду» 16-апрель күнү Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнө беришет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×