Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
Ош облусу, Ош 27.03.2016 16:38

Саат 16:00гө карата Ош шаарындагы шайлоочулардын 44,1%ы добуш берди

Turmush -  Бүгүн, 27-мартта саат 16:00гө карата Ош шаарындагы 51 миң 961 шайлоочу добуш берди. Бул көрсөткүч тизмедеги шайлоочулардын 44,1%ын түзөт. Жергиликтүүлөр шайлоо тынч өтүп жатканын белгилешти.

Ош шаарында 117 миң 752 шайлоочу жашайт.

Ош шаардык кеңешти шайлоого катышкан партиялар (13 партия):

- «Күч биримдикте»;

-«Өнүгүү-Прогресс»;

- «Ата Мекен»;

- «Бир Бол»;

- «Кыргызстан»;

- «Республика-Ата Журт»

- «Мекеним Кыргызстан»;

- «Кыргызстан коммунисттер партиясы»;

- «Кыргызстан социал-демократтар партиясы»;

- «Демократ»;

- «Ата Журт»;

- «Эмгек»;

- «Аалам».

Бүгүн Баткен, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл, Чүй облустарында да жергиликтүү кеңештерди шайлоо жүрүп жатат. Коомдук коопсуздукту милиция кызматкерлери көзөмөлгө алууда.

Ош шаардык кеңешинде 31 мандат бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×