Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-октябрь
Ош облусу, Ош 27.03.2016 13:54

Шайлоонун саат 13:00гө карата жыйынтыгы: Аксылыктардын 39%ы, Ош шаарындагы шайлоочулардын 30%ы добуш берди

Turmush -  Ош шаарында саат 13:00гө карата 35 миң 722 шайлоочу добуш берди. Бул көрсөткүч тизмедеги шайлоочулардын 30%ын түзөт, деп маалымдайт Мамлекеттик каттоо кызматынын басма сөз кызматы.

Маалыматтарга ылайык, Ош шаардык кеңештин депутаттарын шайлоого катышуучу шайлоочулардын тизмесин 117 миң жашоочу түзөт.

«Шаардагы №33, 32, 23, 47, 51, 44, 49, 25, 40 шайлоо тилкелеринде шайлоочулардын активдүүлүгү байкалууда», - деп айтылат Мамлекеттик каттоо кызматынын билдирүүсүндө.

Саат 13:00гө карата Токмок шаарындагы шайлоочулардын 25%ы добуш берсе, Майлуу-Сууда – 23%, Лейлек районунда – 41%, Алай районунда – 26%, Кара-Суу районунда – 27%, Ноокат районунда — 18%, Аксы районунда – 39%ды түздү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×