Бөлүмдөр
Шейшемби, 22-октябрь
Жалал-Абад облусу, Майлуу-Суу 27.03.2016 13:40

Майлуу-Сууда саат 13:00гө карата 2500 шайлоочу добуш берди (фото)

Turmush -  Жалал-Абаддагы Майлуу-Суу шаардык кеңештин депутаттарын шайлоо уланууда. Маалыматтарга ылайык, саат 13:00гө карата 2 миң 500 шайлоочу добуш берди. Шаардыктардын добуш берүүдөгү активдүүлүгү белгиленүүдө.

Укук коргоо органдарынын маалыматына ылайык, шайлоого байланыштуу мыйзам бузуу жана арыз-даттануу катталган жок.

Майлуу-Суу шаардык кеңешин шайлоого катышуу үчүн каттоодон өткөн 5 партиянын 297 талапкери бар. Бүгүнкү шайлоонун жыйынтыгы менен Майлуу-Суу шаардык кеңешиндеги 31 мандат бөлүштүрүлөт. Шайлоого биометриялык каттоодон өткөн 9 миңден ашуун шайлоочунун катышуусу күтүлүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×