Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
Ош облусу, Ош 27.03.2016 11:35

Ош шаарында 2 сааттын ичинде 9525 шайлоочу добуш берди (фото)

Turmush -  Бүгүн, 27-мартта Кыргызстанда жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо өтүп жатат.

Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына ылайык, саат 10:00гө карата Ош шаарындагы 9525 шайлоочу добуш берди. Ош шаарында 117 миң 752 шайлоочу жашайт.

№ 5327 шайлоо тилкесинин төрайымы Гүлнара Амиразаеванын айтымында, аталган шайлоо тилкесинде саат 10:45ке карата 371 шайлоочу добуш берүүгө катышты. Шайлоонун жүрүшү тынч.

Бүгүн Баткен, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл, Чүй облустарында да жергиликтүү кеңештерди шайлоо жүрүп жатат. Коомдук коопсуздукту милиция кызматкерлери көзөмөлгө алууда.

Ош шаардык кеңешти шайлоого катышкан партиялар (13 партия):

- «Күч биримдикте»;

-«Өнүгүү-Прогресс»;

- «Ата Мекен»;

- «Бир Бол»;

- «Кыргызстан»;

- «Республика-Ата Журт»

- «Мекеним Кыргызстан»;

- «Кыргызстан коммунисттер партиясы»;

- «Кыргызстан социал-демократтар партиясы»;

- «Демократ»;

- «Ата Журт»;

- «Эмгек»;

- «Аалам».

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×