Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Нарын облусуЖумгал району 27.03.2016 11:05

Жумгалда 10 шайлоо тилкеси иштеп жатат (фото)

Turmush -  Бүгүн, 27-мартта Кыргызстанда жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо өтүп жатат.

Нарын облусунун Жумгал районундагы 10 шайлоо участкасында жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо өнөктүгү саат 08:00дө башталды.

Маалыматтарга ылайык, Куйручук айылындагы №4106 шайлоо тилкесинен 11 мандатка 43 талапкер ат салышса, Таш-Төбөдөгү №4110 шайлоо тилкесинен 11 мандатка 30 талапкер, Түгөл-Сайдагы №4108 шайлоо тилкесинен 8 мандатка 33 талапкер, Эпкиндеги №4109 шайлоо тилкесинен 3 мандатка 11 талапкер, Чаек айыл өкмөтүнүн Ак-Татыр айылындагы 4 мандатка 19 талапкер, Ак-Секи аймагындагы 5 мандатка 20 талапкер, Чаек округундагы 4 мандатка 26 талапкер, Шортон округундагы 3 мандатка 23 талапкер жана Кара-Жээк, Беш-Терек округунан 5 мандатка 22 талапкер, Кызыл-Жылдыз шайлоо округунан 11 мандатка 33 талапкер катталган.

Учурда шайлоочулар активдүүлүгүн көрсөтүүдө. Коомдук абал тынч. Шайлоодо колдонулган урналар, тиешелүү аппараттар өз нугунда иштеп жатат.

Бүгүн Ош, Баткен, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Чүй облустарында да жергиликтүү кеңештерди шайлоо жүрүп жатат. Коомдук коопсуздукту милиция кызматкерлери көзөмөлгө алууда.

Ош шаарынын депутаттарын шайлоонун жүрүшү (фото)

Жаңы чакырылыштын депутаттары бирдиктүү болот деп ишенебиз, - Каракол шаарынын мэри (фото)

Майлуу-Суудагы 7 шайлоо тилкесинде добуш берүү жүрүп жатат (фото)

Ош шаарынын мэри А.Кадырбаев жергиликтүү кеңешке добуш берди (фото)

Оштун мурдагы вице-мэри Ж.Ормонов жергиликтүү кеңешке добуш берди (фото)

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×