Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-октябрь
Ош облусу, Ош 27.03.2016 10:09

Ош шаарынын мэри А.Кадырбаев жергиликтүү кеңешке добуш берди (фото)

Turmush -  Бүгүн, 27-мартта Кыргызстанда жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо өтүп жатат.

Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев Ж.Бөкөнбаев атындагы мектептин имаратында жайгашкан №5327 шайлоо тилкесинде добуш берди.

Ош шаардык кеңешине 13 партия каттоодон өткөн. Маалыматтарга ылайык, Ош шаарында 117 миң 752 шайлоочу жашайт.

Бүгүн Баткен, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл, Чүй облустарында да жергиликтүү кеңештерди шайлоо жүрүп жатат. Коомдук коопсуздукту милиция кызматкерлери көзөмөлгө алууда.

Ош шаардык кеңешти шайлоого катышкан партиялар (13 партия):

- «Күч биримдикте»;

-«Өнүгүү-Прогресс»;

- «Ата Мекен»;

- «Бир Бол»;

- «Кыргызстан»;

- «Республика-Ата Журт»

- «Мекеним Кыргызстан»;

- «Кыргызстан коммунисттер партиясы»;

- «Кыргызстан социал-демократтар партиясы»;

- «Демократ»;

- «Ата Журт»;

- «Эмгек»;

- «Аалам».

Ош шаарынын депутаттарын шайлоонун жүрүшү (фото)

Жаңы чакырылыштын депутаттары бирдиктүү болот деп ишенебиз, - Каракол шаарынын мэри (фото)

Майлуу-Суудагы 7 шайлоо тилкесинде добуш берүү жүрүп жатат (фото)

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×