Бөлүмдөр
Бейшемби, 24-октябрь
Жалал-Абад облусу, Майлуу-Суу 27.03.2016 10:02

Майлуу-Суудагы 7 шайлоо тилкесинде добуш берүү жүрүп жатат (фото)

Turmush -  Бүгүн, 27-мартта Кыргызстанда жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо өтүп жатат. Аймактык кабарчыга маалымдалгандай, Жалал-Абаддагы Майлуу-Суу шаарында 7 шайлоо тилкеси ачылган. №2210 шайлоо участкасында саат 08:00де гимн жаңырып, шайлоо өнөктүгү башталды.

Маалым болгондой, Майлуу-Суу шаарында жергиликтүү кеңешке 5 партия катышып, 298 талапкердин тизмеси бекитилген. Бүгүнкү шайлоого биометриялык каттоодон өткөн 9 миңден ашуун шайлоочунун катышуусу күтүлүүдө.

Коомдук абал тынч.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×