Бөлүмдөр
Жума, 18-октябрь
Ысык-Көл облусу, Каракол 27.03.2016 09:54

Жаңы чакырылыштын депутаттары бирдиктүү болот деп ишенебиз, - Каракол шаарынын мэри (фото)

Turmush -  Бүгүн, 27-мартта Кыргызстанда жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо өтүп жатат. Аймактык кабарчы билдиргендей, Каракол шаарынын мэри Рыскул Калыгулов №3159 шайлоо тилкесинде добуш берди.

Добуш берүүгө катышкан мэр шаардыктар бүгүнкү шайлоодо активдүүлүгүн көрсөтүп жатканын белгиледи.

«Бүгүн шаарыбыз үчүн маанилүү күн. Шайлоо жакшы өтүп, жаңы чакырылыштын депутаттары бирдиктүү жана күчтүү болот деп ишенебиз. Жаңы чакырылышка шаардын өнүгүшүн ойлогон патриоттор келет деп үмүттөнөм», - деди мэр.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×