Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-октябрь
Баракелде, Бишкек 25.03.2016 17:52

Т.Сариев: Мамлекеттин бүтүндүгүн сактоо үчүн бардык күч-кубатыбызды жумшайбыз

Turmush -  Чек ара маселеси тынчтык жолу менен өлкө кызыкчылыгына жооп бергидей чечилиши керек. Бул тууралуу премьер-министр Темир Сариев бүгүн, 25-мартта өкмөттүн жыйынында билдирди, деп маалымдады өкмөттүн басма сөз кызматы.

Т.Сариев кыргыз-өзбек чек арасындагы абалга токтолуп, учурда эки өлкөнүн чек ара кызматынын жетекчилери Кызыл-Кыя өткөрмө пунктунда сүйлөшүү жүргүзүп жатканын маалымдады.

Анын айтымында, чек ара маселеси өтө кылдат мамилени талап кылат жана аны жөнгө салууда кызуу кандуулукка алдырбоо зарыл.

«Буга чейин президент жана биз бир нече жолу белгилегендей, бул маселени тынчтык жолу, сүйлөшүү аркылуу чечүүгө аракет кылышыбыз керек. Биз эч кимге жамандык каалабайбыз. Бирок мамлекеттин бүтүндүгүн сактоо үчүн бардык аракетти көрөбүз жана күч-кубатыбызды жумшайбыз. Биздин өлкөнүн аймагынын 1 см жери башкаларга берилбейт», – деди өкмөт башчы.

Премьер-министр Аксы жана Ала-Бука районун байланыштырган аймакка пост орнотуу менен Өзбекстан тарап ортодогу келишимдерди бир тараптуу бузуп жатканын белгиледи.

«Кыргызстан бул маселеде эч кандай мыйзамды жана келишимдерди бузган жок. Мамлекеттик органдар аймактык бүтүндүктү сактоо үчүн өз аракетин көрүп жатат», – деп кошумчалады ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×