Бөлүмдөр
Шейшемби, 22-октябрь
Баракелде, Бишкек 25.03.2016 16:44

А.Атамбаевдин кичүү кызы өзү тарткан сүрөттөрдү сатуудан түшкөн 200 миң сомду Даун синдрому менен ооруган балдарга берет (фото)

Turmush -  Бишкекте 26-февралдан 19-мартка чейин жаш сүрөтчү Алия Шагиеванын «Метаморфозы» деген аталыштагы сүрөт көргөзмөсү болуп өттү.

Кечээ, 24-мартта Алия, картиналарды сатуудан түшкөн 200 миң сомдон ашык акчаны Даун синдрому менен ооруган балдардын ата-энелеринин «Сантерра» коомдук фондуна берерин айтты.

Анын айтымында, ал бул жетишкендиктери менен гана токтоп калбайт. «Ошондуктан ар бир шаршемби сайын балдар менен сүрөт тартуу сааттарын өткөрүп турмакчымын», - деп жазган ал соцтармактагы өзүнүн баракчасына.

Алия Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаевдин кичүү кызы.

Атамбаева

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×