Бөлүмдөр
Шаршемби, 18-сентябрь
Ош облусуАраван району 25.03.2016 14:16

Элдик уламыштар: Убагында быйыркы шаар орун алган Аравандын Керкидан айылы (фото)

Turmush -  Ош облусунун Араван районунда Керкидан (кээ бирлери Керкидон деп да атап жүрүшөт) айылы бар.

Айылдын келип чыгуу тарыхы өзүнө көп маалыматтарды камтыйт. Керкидан айылы биздин заманга чейин III-кылымдарга таандык. Кийинки мезгилдерде Фергана өрөөнүндө Керкидан шаарындай чоң шаар болгон эмес деп Н.Г.Горбунова жазат.

Ал Керкидан тууралуу изилдөөлөрүндө казылмаларды беш жыл изилдеп, жыйынтык чыгарган. Айылдын тарыхын окумуштуулар менен кошо изилдеген жергиликтүү тургун Аширали Жолдошов Turmush басылмасынын кабарчысына айтып берди.

«Биздин заманга чейин 5-кылымда жашаган адамдардын жашоо маңызы кыргыздарга тишелүү экендигин жана мал чарбачылык, дыйканчылык менен алектенгенин археологиялык казуулар далилдейт. Табылгаларда жаныбарлардын сөөктөрү, урулган дубалдан алынган кыштар, майдалап алынган өсүмдүктөрдүн уруктары, жүзүм, арпа, конок, таруу, апийим жана беде уруктары кездешкен. Мындан улам азыр отурукташкан айылдын ордунда кыргыздар жүзүм эгип, чарбачылыгын жүргүзгөндүгүнө далилдер бар. Ошол мезгилдеги хан уруусуна тиешелүү болгон адамдарды Тегерекке (атайын тегеретилип тосулган дөңсөө) койсо, ал эми байлардын өзүнө тиешелүү майда дөңдөрү болгон. Карапайым адамдарды ошо жашаган жерине эле буюм-тайымдары менен көмүп койгон далилдери бар. Кытай тарыхый булактарында дарактарды эгип өстүрүүгө эл уста экендигин айтып кеткен (жүзүмдү дарак деп болжогон). Керкидон айылынын түптүлүү тарыхы биздин заманга чейин 177 жыл мурун, азыркы Ысык-Көлдүн ордундагы Чигу шаарына барып такалат. Чигу шаарында кыргыз ханынын ордосу болгон. Ал жерге бастырып барган хун падышаасы көптөгөн жылдар согушуп, багынбастан эрдик көрсөткөн кыргыз ханы Аслан ханды (кытай булактарында Гу деп берет. Бизче которгондо «Кылыч») жеңип алат. Балдарынын баары согушта курман болушат. Хандыктын тукумун сактап калуу үчүн анын ордодогу 4-5 жашар баласын ала кийизге ороп бекитип коюшат. Аны хун падышачылыгынын жоокерлери таап алып, колго түшкөн кыргыз жоокерлеринин ортосуна коюп, «Ушул бала акыркы ханыңардын баласы. Эгерде бизге каршы согушпай жакшы жүрсөңөр силерге баланы хан кылып беремин, антпесеңер бул баланы өлтүрүп, өзүңөрдү кулчулукка сатып жиберемин», – деп кайрылышат. Баланы хун падышачылыгынын борбору болгон Эрши шаарына (Азыркы Мархамат шаары) алып кетет. Калган эли ошол жерде катар боз үйлөргө жайгаштырылып, көзөмөлдө калат. Эрши шаарына келген кыргыз ханынын баласынын аты Кубан болот. Ал эр жетип аябай күчтүү жоокер болуп чыгат. Биздин эрага чейин 150-жылдары Кубанды хун падышасы өзүнүн кызына үйлөп той берет. Хун жоокерлери Чигу шаарына барып, боз үйлөрдүн алдында кимдин төөсү болсо ошонун жүгүн төөсүнө жүктөтөт. Он үйлүү болгондо бардыгын алдына салып Эрши шаарына алып жөнөйт. Аларды туура Керкидан шаарына алып келип, он боз үйдү он жерге жайгаштырат. Алардын жашаган жерлери архиологиялык казылмаларда өз алдынча курулган дөңдөрдө көрсөтүлгөн. Көчүрүлүп келинген элди жайгаштыргандан кийин, хун падышасы Кубанды Керкидан шаарына алып келип, Мыкты-Коргонго жайгаштырат. Ошондо хун падышасы: «Кубан мына сенин шаарың, дарыяң, элиң», - дейт. Ошондон бери Керкидан шаары Кубандын шаары (Кува шаары), Кубандын сайы (Кувасай шаары. Өзбекстан) чейинки аралыктагы жерлер анын карамагына өтөт. Кытай булактарында Куба деп жибек жолу айтылат. Ал эми төөдө көчүрүлүп келинген эл «Төөлөс» уруусу деп аталып калат. Ага Кылыч хандын асабасындагы кылыч тамгасы далил боло алат. Көчөрүлүп келген элди кыргыздар ичкиликтер же мамлекеттин ичкерисине алып кетти деген маанисинде колдонулуп калат.
Ошондон улам кыргыздар он үйлүү- ичкиликтен жана отуз үйлүү- отуз уулдан тараганы айтылып жүрөт. Көптөгөн тарыхый окуялардан кийин Керкидан шаарындагы Куван хандын уруулары калган кыргыздардан бөлүнүп, наймандар мамлекетин түзүүгө жетишкен. Бул жөнүндө Н.Г.Горбунованын эмгегинде жазылып кеткен. Бул наймандар мамлекети биздин замандын 550-жылы өз жашоосун Керкидан шаарында токтотот. Ошондогу Керкидан оазиси азыркы Керкидан суу сактагычтан батышка карай 15-20 чакырым аралыкты камтыган дөң менен чектелген. Ошондон улам байыркы кыргыздар жашаган аймакты Келки-Дөң деп атаган. Келки –Дөң аталып жүрүп, коңшу өлкөдөгүлөр өздөрүнүн тилине ылайыкташтырып Керкидан деп атай башташат», - дейт А.Жолдошов.

Бул айыл кылымдар бою жүзүмдүн эң мыкты сорттору менен белгилүү. Бүгүнкү күндө да коон, дарбыз, өрүк жана жүзүмү менен алдыңкы орунда турат.

Жергиликтүү тургундардын басымдуу бөлүгү дыйканчылык менен алектенишет. Базар баасынын жогорулап же төмөндөп турушу элеттик дыйкандардан көз каранды. Анткени, Керкидан айылынын мөмөлөрү бышканда гана базарда баа төмөндөйт. Учурда аталган айылда 300дөн ашуун түтүн жашаса, калкынын саны 1700гө чукул.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×