Бөлүмдөр
Бейшемби, 24-октябрь
Жалал-Абад облусуСузак району 25.03.2016 12:36

Ноокендин жетекчилери Тарых жана маданият жылына карата «Кош жылдыз» сынагына катышат

Turmush -  Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда райондук мекеме-ишканалардын жетекчилери арасында «Кош жылдыз» аттуу сынак өткөрүлөт. Бул тууралуу буйрукка райондун акими А.Осмонов кол койду.

Сынак быйылкы Тарых жана маданият жылына карата уюштурулмакчы. Сынакта мекеме-ишканалардын жетекчилери өз чыгармаларын, видеоклиптерин көрсөтүшөт. Жеңүүчүлөргө атайын байге коюлган.

Ноокен районунда элүүдөн ашык мекеме-уюмдардын жетекчилери бар, алардын арасынан 10 ишкананы аялдар, кыз-келиндер башкарат.

Ноокен районунун акиминин орун басары Нурийла Бекжигитованын айтымында, мындан тышкары райондогу айыл өкмөттөр менен айыл-кыштактардын жашоочулары үчүн «Эл ичи - өнөр кенчи» аттуу сынактын жоболору жана долбоору иштелип чыгууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×