Бөлүмдөр
Шейшемби, 22-октябрь
Жалал-Абад облусу, Майлуу-Суу 25.03.2016 11:50

Майлуу-Сууда шаардык кеңештин депутаттарын шайлоого 5 партия ат салышууда

Turmush -  Майлуу-Сууда шаардык кеңештин депутаттарын шайлоого 5 партия ат салышууда. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Борбордук шайлоо комиссиясынын Майлуу-Суу шаары боюнча атайын өкүлү Турусбек Өмүрзаковдун айтымында, шайлоо 27-мартта өтөт. Шаардык кеңешти шайлоого «Республика - АтаЖурт», «Эмгек», «КСДП», «Ата-Мекен», «Өнүгүү-Прогресс» партиялары катышууда. Жогорудагы 5 партиядан жалпысынан 298 талапкердин тизмеси түзүлгөн.

«Биз шайлоого даярбыз. Атайын аппараттар толукталган. Эртең добуш берүүчү жайлардан сырткаркы жерде добуш бере тургандар, оорулуулар, үйүнөн чыга албагандар добуш берет», - дедит ал.

Ал белгилегендей, Майлуу-Суу шаарында 9 миң 850 адам шайлоого катышат. Шаардык кеңеште 31мандат бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×