Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Баракелде, Бишкек 25.03.2016 09:48

Ысык-Көлдө табылган байыркы жаныбардын сөөгү КР УИАнын Зоологиялык музейине коюлат (фото)

Turmush -  Кечээ, 24-мартта КРнын улуттук илимдер академиясынын окумуштуулары Ысык-Көлдө табылган, 3 млн жыл мурда жашаган мамонттуку деп болжолдонуп жаткан байыркы жаныбардын сөөгү боюнча маалымат жыйын өткөрүштү.

УИАнын басма сөз кызматы билдиргендей, жыйынга КР УИАнын Тарых жана маданий мурас бөлүмүнүн башчысы, тарых илимдеринин кандидаты Ташбаева Кадича, КР УИАнын Геология институтунун илимий кызматкери Бакиров Айзек, КР УИАнын Тарых жана маданий мурас бөлүмүнүн илимий кызматкери Султанов Эмил Ысык-Көлдө табылган байыркы жаныбардын баш сөөгү жана азуу тиштерин алып келишти.

Окумуштуулар Ысык-Көлдүн Ак-Сөөк айылынан табылган байыркы жаныбардын сөөктөрүн атайын каражаттар менен жаап, изилдөө үчүн Бишкекке алып келишкенин билдиришти.

Геология институтунун илимий кызматкери А.Бакиров, мындай сөөк табылгандан музейге коюлганга чейин бир катар окумуштуулардын изилдөөсүнөн өтүшү керектигин билдирди.

Анын сөзүн улай Тарых жана маданий мурас институтунун директору, тарых илимдеринин доктору Акылбек Жуманалиев, эгерде бул табылганы изилдегенге башка өлкөнүн окумуштуулары катышкысы келсе «эшик ачыктыгын» кошумчалады.

Табылган байыркы жаныбардын баш сөөгү, тиштери жана азуу тиштери изилденген соң КР УИАнын Зоологиялык музейине коюлат.

211547_g

211543_g

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×