Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Нарын облусуАк-Талаа району 25.03.2016 09:45

Нарында мугалимдер «Маданиятты көтөрөлү, тарыхыбызды унутпайлы» сынагына катышты (фото)

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа районунун 4 орто мектебинин мугалимдери Тарых жана маданият жылына карата «Маданиятты көтөрөлү, тарыхыбызды унутпайлы» сынагына катышкандыгын аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, райондук маданият үйү тарабынан уюштурулган сынакка Ак-Чий, Жаңы-Тилек, Кайыңды-Булак жана Үгүт айылдарынын орто мектептеринин мугалимдери катышты.

Алар элдик жана эски ырларды аткарып, улуттук аспаптарда кол ойнотуп жана ошондой эле тарыхый окуяларды сахналаштырып көргөзүп беришти.

Соңунда, Ак-Чий айылынын М.Балбаков жана Кайыңды-Булак айылынын Б.Мүсүралиева атындагы орто мектебинин мугалимдери алдыга чыгып, финалдык турга жолдомо алышты.

Ал эми 29-март күнү ушул сынакка 6 орто мектептин мугалимдери катышмакчы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×