Бөлүмдөр
Бейшемби, 24-октябрь
Баткен облусу, Баткен 25.03.2016 08:32

Баткенде балдардын ыр сынагы өтүп жеңүүчүлөр аныкталды (фото)

Turmush -  Баткен шаарында кечээ, 24-мартта окуучулар арасында «Мен Кыргызстандык экениме сыймыктанам» ыр сынагы өттү. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады. Сынакка Лейлек, Кадамжай, Кызыл-Кыя шаарларынан, Баткен районунан келген таланттар катышты.

Сынакка жалпысынан 21 окуучу катышты. Сынакта жеңген Баткен районунан Илиязбек Жүзбаев, Абдурахим Мейманов, Лейлек районунан Курманбек уулу Акжол, Кадамжай районунан Айгүл Боркошова 14-апрелде өтүүчү республикалык сынакка жолдомо алышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×