Бөлүмдөр
Шейшемби, 22-октябрь
Жалал-Абад облусу 24.03.2016 18:24

Курманжан датканын уулу Абдылдабектин дастанга айланган махабаты, - Ф.Тагаеванын баяндоосунда

Turmush -  Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы Курманжан датканын уулу Абдылдабектин махабаты жөнүндө дастанды жараткан Кара-Көл шаарынын Токтогул Сатылганов атындагы мектеп-гимназиясынын, кыргыз тили жана адабияты мугалими Фаризат Тагаева менен баарлашты.

Тагаеванын айтымында, бул дастанды алгач Курманжан датканын урпагы Патила Жусуевадан угуп, кээ бир саптарын кошок түрүндө жазып алып, тарыхый маалыматтын негизинде, «Беш көкүл» дастанын кайра баштан иштеп чыгып, комуздун коштоосунда ырдап чыккан.

«Алымбек датканын уулу Абдылдабек ашкан сулуу, сөзмөр, чебер, кошокчу алайкуулук Айша деген кызга үйлөнөт. Бир кыз, бир уулду болушканда, Алымбек датка дүйнөдө салып, тажиясы Алайдын жайлоосунда өтөт. Курманжан датка кошокчу келинине, кайын атасын коштурат. Ошол учурда Айшанын боюнан жаңы эле түшүп, намыскөй келин, боюнан түшкөнүн билгизбей, бир жума кошок айтып, ден соолугу начарлап каза болот. Ал кошок кошуп олтурган жеринде боюнан түшкөндө аккан кан бир эли болуп топуракка сиңип кеткен болот.

Жубайы Айшадан айрылган Абдылдабек кыз жактырбай 3 жыл үйлөнбөй жүрүп калат. Курманжан датка балдыздарынан бирөөсүн Айшага окшоштуруп жактырып калар бекен деген үмүт менен уулун Алайкууга жөнөтөт. Абдылдабек ал жактан бир тууган балдызы Тилланы жактырып калат. Абдылдабек Тилланы «Беш көкүл» деп эркелетет. Абдылдабек кайын агасынан Тилланын колун сурап, калыңына бир үйүр жылкы, короосу менен кой убадалайт. Бирок кайын агасы «алдыңдагы Керче деген атыңды бер» деп туруп алат.

Бул экөөнүн тагдыры Кокон хандыгынын коогалаңдуу күндөрүнө туш келип, Абдылдабек опурталдуу күндөрдө алдындагы аргымагын бере албай же Тилладан кече албай, «аман болсом келем, күткүн», деп коштошуп Ооганга качып өтүп кетет. Ал жакта дүйнөдөн кайтат.

Уулунун өлгөнүн билген Курманжан датка, элинин тынчтыгын ойлоп, 3 жыл тажиясын өткөрбөйт. 3 жылдан кийин Жолошу жергесинде 40 боз үй тиктирип, эшигин карадан жаптырып, боосун карадан тактырып, бүтүндөй Фергананы чакырып, Абдылдабектин ашын өткөрөт.

Ошондо Тилла салты менен көчүрүлбөсөң кантип барасың дегенге болбой, 50 атчан аял, 50 атчан эркек кишинин коштоосунда, Абдылдабектин кара ашына келет. Ошондо Тилла:

Айланайын энеке, асылым бегим канаке

Кагылайын энеке, кайран бегим канаке

Беш көкүлүм беш бөлүп

Өрөйүн деп келдим мен

Бешенем менен Абдылда

Сени көрөйүн деп келдим мен

Аркага кара чачымды экиге

Бөлөйүн деп келдим мен

Ардагым менин Абдылда

Сени көрөйүн деп келдим мен

Белиңдеги кемерди

Бек тартынбай не чечтиң

Кашайтып мендей бейбакты

Бул өмүрдөн не кечтиң

Олоокон тоону ашпадың

Ордолуу Ошко кайтпадың

Оюлтуп мендей бейбакты

Ойлуу күнгө таштадың

Какшаалдын белин ашпадың

Кайрылып элге кайтпадың

Кайгыртып мендей бейбакты

Кайгың менен каптадың

Турумтай кушун качырдың

Туура белди ашырдың

Толгон баргы элине

Дулдул болуп баш урдум

Карлыгач кушум качырдың

Кара белди ашырдың

Калың баргы элине

Кара кийип баш урдум

Караңды келип жамындым

Кадырсыз келин аталып

Кайгылуу күнгө кабылдым

Көгүңдү келип жабындым

Көрүмсүз келин аталып

Көйгөйлүү күнгө кабылдым

Саймалуу болду өмүрүм

Санаалаш жардан ажырап

Саналуу болду көңүлүм

Кечтелүү болду көңүлүм

Келишкен жардан ажырап

Кейиштүү болду көңүлүм

Элиңди бийлеп башкардың бегим

Эр милдетин аткардың

Мингениң күчтүү Кече эле

Таң сүрө кирип келчү эле

Түңүлбөй карап күтчү элем

Түн катып кирип келчү эле

Опол тоодой өзүң жок

Оо шордуу бейбак жан белем

Карабет мендей кашайган

Кайгыга бүткөн жан белем

Күйүп-күйүп арырмын

Күнүм бүтүп өткөнчө бегим

Күйүтүң айтып карырмын

Айтып-айтып арырмын

Ажалым жетип өлгөнчө бегим

Арманым айтып карырмын

Карарып келген жамгырга

Капшыттан тиккен үй жакшы

Кайгырып келген мендейге

Кайненем бары не жакшы

Түнөрүп келген жамгырга

Түндүктөн тиккен үй жакшы

Түңүлбөй келген мендейге

Кайненем бары не жакшы

Айланайын датка эне

Көңүлүңүз буруңуз

Айтканымды угуңуз

Мурзапаяз бериңиз

Мурунума жыт кылып

Бегимден калган баланы

Медер кылып жүрөйүн

Дегениме көнүңүз, - деп басылбай кошот.

Ошондо Курманжан датка өзү келген Тилланы баласынын жесири катары кабыл алат. Беш көкүл секелек кыздын чачын артка өрүп, бир жыл аза күттүрөт. Бир жылдаң соң, жесир өзүбүздөн ашпайт, деп Батырбек менен Мамытбек талашып калат. Ошондо Курманжан датка «көйнөктү жакасынан киеби же этегинен киесиңби улуулата жол бергиле», деп жесирди Батырбекке алдыртат. Кийин Тилланы күндөштөрү ич күйдүлүк кылып уу берип коюшат. Ал өлгөндө Батырбек 40 күн аза күтүп, наар албай көк чай ичип калган дешет», - деп баян кылды дастандын жаратуучусу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×