Бөлүмдөр
Шейшемби, 22-октябрь
Ош облусу, Ош 24.03.2016 11:05

Ошто вокалисттердин сынагында жеңген балдар Бишкектеги мастер-класска катышат

Turmush -  Ош шаарында кечээ, 23-мартта вокалисттердин «Мен кыргызстандыкмын жана аны менен сыймыктанам» сынагынын 2-туру болуп өттү. Бул туралуу Ош шаардык билим берүү башкармалыгынан кабарлашты.

Сынакка Ош облусундагы 7 жаштан 17 жашка чейинки таланттуу балдар катышты. Ага профессионал музыканттар калыстык кылды.

Анда Ош шаардык билим берүү башкармалыгына караштуу «Мээрим» чыгармачылык балдар борборунун таланттуу балдары жеңишке ээ болуп, Бишкек шаарындагы 3 күндүк мастер-класска катышууга жана ырчылар менен концертте ырдоого мүмкүнчүлүк алышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×