Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Баракелде, Бишкек 24.03.2016 10:46

Кыргызстанда жалпысынан иштеп жаткан 23 театр бар

Turmush -  Кыргызстанда жалпысынан иштеп жаткан 23 театр бар. Алардын керектөөлөрүнө каралган каражаттын дээрлик 85-95%ы актерлордун айлык акысын төлөөгө жана майда-барат муктаждыктарды жабууга гана кетет. Бирок, эгемендиктин тарыхында биринчи жолу мамлекет тарабынан театрлар үчүн 15 млн сомдук атайын каражат бөлүнүп, жаңы спектаклдерди коюуга шарт түзүлүүдө. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин искусствону өнүктүрүү жана профессионалдык окуу жайлар боюнча башкармалыгынын башчысы Дамира Алышбаева кечээ, 23-мартта парламенттик радиого курган маегинде билдирди.

Анын айтымында, Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин демилгеси менен «Жаңы ысымдар, жаңы чакырыктар» долбоорун ишке ашырууга дагы 30 млн сом каралды.

Андан тышкары, театрлардын койгон спектаклдери категориялык сапат менен аныкталат. Бул багытта атайын критерийлердин иштелип чыккандыгын билдирген Д.Алышбаева, 1-2-3-категориядагы спектаклди жаратууга болгон чыгармачылык изденүүлөр күчөп жатканын айтты.

«Мисалы, 1-категориядагы спектаклди жараткан театралдык труппа эл аралык фестивалдарга катышуу укугуна ээ болушат. Былтыр Баткен облустук драма театры 2-категориядагы спектаклди даярдап, чыгармачылык изденүүнүн улам жаңы табылгаларына умтулууда. Бул регионалдык театр үчүн жакшы эле көрсөткүч»,- деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×