Бөлүмдөр
Жума, 18-октябрь
Ысык-Көл облусу, Каракол 23.03.2016 11:04

Караколдогу «Сармерденде» жигиттер жеңишке жетишти (фото)

Turmush -  Каракол шаарынын Ыбрай Туманов атындагы музыкалык окуу жайынын студенттеринин арасында Тарых жана маданият жылына арналган «Сармерден» кароо сынагы өткөрүлдү. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына аталган окуу жайдын 3-курсунун студенти Айдай Жекшенова маалымдады.

Маалыматка караганда, «Сармерденде» кыз-жигиттер ыр аткаруу, кыз-жигиттин айтышы, макал-лакап, жаңылмач айтышуу, Манас айтуу боюнча жөндөмдүүлүктөрүн көрсөтүштү. Ошондой эле алар каада-салт, кыз узатуу, тушоо кесүү жөрөлгөлөрүн сахналаштырып аткарышты.

Калыстар тобунун берген жыйынтыгы менен жигиттер 1-орунду ээлеп, акчалай сыйлык алышты. Кыздар да акчалай сыйлыкка ээ болушту.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×