Бөлүмдөр
Шейшемби, 22-октябрь
Баракелде, Бишкек 23.03.2016 09:02

Мектеп окуучулары арасындагы театралдык фестивалдын 3-айлампасы башталды (катышуучулар)

Turmush -  Бүгүн, 23-мартта Т.Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында КРнын мектеп окуучулары арасында театралдык фестивалдын үчүнчү айлампасы башталат.

Фестиваль 3 айлампа менен өткөрүлүүдө.

Биринчи айлампаны – райондордо ушул жылдын 25-январына чейин райондук билим берүү жана маданият бөлүмдөрү биргелешип бекиткен уюштуруу комитети өткөргөн. Ар бир райондон эң мыкты деп табылган бирден спектакль экинчи айлампага жолдомо алган.

Экинчи айлампа - облустарда, Ош жана Бишкек шаарларында ушул жылдын 25-февралына чейин өттү. Облустук, Ош жана Бишкек шаардык билим берүү борборлору жана облустук театрлар биргелешип бекиткен уюштуруу комитети өткөрөт. Экинчи турдан эң мыкты деп тандалган бирден спектакль үчүнчү турга жолдомо алган.

Театралдык фестивалды КРнын маданият, маалымат жана туризм министрлиги менен КРнын билим берүү жана илим министрлиги уюштурууда.

Фсетиваль 25-мартка чейин уланат.

Мектеп окуучуларынын республикалык театралдык фестивалынын катышуучулары

Дареги

(Облус, шаар, район)

Мектептин аталышы

Спектаклдин аталышы, автору

 

Баткен облусу, Баткен шаары

№3 А.Имаров Кызыл-Топу атындагы орто мектеби

Үсөн Мурзапар «Кызыл-Топу» драмасы

 

Бишкек шаары

№38 орто мектеби

Б.Жакиев «Алтын Аяк»

 

Талас облусу,

Талас району

Хан Бүргө орто мектеби

М.Элебаев «Узак жол» повестинен үзүндү

 

Ысык-Көл облусу, Каракол шаары

Т.Сатылганов атындагы мектеп-лицей интернаты

М.Байжиевдин 80 жылдык мааракесине арналган «Адашкан адам» (бир актылуу пьеса)

 

Нарын облусу, Нарын шаары

№1 Т.Сатылганов атындагы орто мектеби

Ч.Айтматов «Эрте келген турналар»

2 бөлүмдөн турган романтикалуу драма

 

Ош облусу,

Алай району

Курманжан датка орто мектеби

Гүласал Алиева «Сүтак»

3 көрүнүштөгү улама

 

Ош шаары

№3 Ломоноcов атындагы гимназия мектеби

 

Ш.Садыбакасовдун «Ак-боз ат» тарыхый чыгармасынан үзүндү

 

Чүй облусу,

Сокулук району

Ч.Айтматов атындагы №1 окуу лицей-комплекси

Ч.Айтматов «Найман эне ыйы»

 

Жалал-Абад облусу, Ноокен району

№8 Т.Орозматов атындагы орто мектеби

К.Жантөшев «Курманбек» драмасы

 

Ош облусу Араван шаары

№3 А.Навои атындагы орто мектеби

А.Саспаев «Татым туз»

 

Ысык-Көл облусу

Ак-Суу району

А.Айтпаев атындагы орто мектеби

Ж.Садыков «Манастын уулу Семетей»

 

Жалал-Абад облусу Токтогул району

№27 Мамыров таындагы орто мектеби

Ш.Абдырамановдун варинатындагы «Курманжан Датка»

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×