Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Баткен облусу, Баткен 22.03.2016 16:24

Баткен шаарынын жаш актерлору «Айтбай Имаров – кызыл топу» драмасын Бишкекте тартуулайт

Turmush -  Кечээ, 21-мартта Баткен шаарындагы №3 орто мектебинин «Айтбай Имаров – кызыл топу» атындагы чыгармачыл тобу Бишкек шаарында өтө турган театралдык фестивалга жөнөп кетти.

Орто мектептин жамааты маалымдагандай, аталган чыгармачыл топту мектеп директору М.Жапарова жана облустук жол коопсуздук кызматынын кызматкери коштоп жүрөт.

Чыгармачыл топтун фестивалга катышуусу үчүн Баткен шаардык мэриясы тарабынан 35 миң сом акча каражат бөлүндү.

«Айтбай Имаров – кызыл топу» чыгармачыл тобу фестивалда Баткен облустук жазуучулар союзунун төрагасы, жазуучу, драматург Мырзапар Үсөндүн «Айтбай Имаров – кызыл топу» драмасын тартуулайт.

Спектаклдин режиссер-коюучусу Баткен шаарындагы №3 орто мектебинин директорунун тарбия иштери боюнча орун басары Гүлнур Малик кызы.

Бул чыгармачыл топ 16-март күнү Баткен шаарындагы А.Жайнаков атындагы музыкалык драма театрында облустук масштабда өткөн театралдык фестивалда район, шаарлардан катышкан 7 команданын ичинен алдыга суурулуп чыккан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×