Бөлүмдөр
Бейшемби, 24-октябрь
Баракелде, Дүйнө 22.03.2016 13:39

Хабаровскта кыргызстандыктар Ноорузду башка боордош элдер менен чогуу белгилешти (фото)

Turmush -  Ыраакы Чыгыштагы кыргызстандыктар Ноорузду башка боордош элдер менен чогуу белгилешти. Анда кыргыз, өзбек, тажик, азербайжан калктары улуттук тамак-аштардын көргөзмөсүн уюштуруп, өз элинин ыр-бийлерин көрсөтүштү. Бул тураалуу Хабаровск шаарындагы КРнын ардактуу консулу Кадырбек Мырзабаев билдирди, деп маалымдады «Замандаш» ассоциациясынын басма сөз кызматы.

Иш-чара Хабаровск аймагынын өкмөтү жана улуттар Ассамблеясынын колдоосу менен ишке ашты.

Анын алкагында, кичи футбол жана волейбол боюнча эл аралык турнир өтүп, Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстан, Белорусия, Армения мамлекеттеринин жарандарынан куралган 16 команда мелдешти. Оюндардын жыйынтыгында 1-орунду белорусиялыктар, 2-орунду армяндар, 3-орунду тажиктер ээлешти.

Ал эми волейбол боюнча баш байге Еврей автономиялуу облусунда жашаган кыргызстандыктарга тийди. Экинчини тажикстандыктар, 3-орунду Хабаровск шаарындагы кыргызстандыктар алышты.

Улуттар ортосундагы ынтымакты чыңдоо максатында мындай спорттук иш-чаралар кыргызстандыктардын демилгеси Хабаровскта жылына 2-3 ирет салттуу түрдө өткөрүлүп турат, деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×