Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
Баракелде, Бишкек 22.03.2016 13:17

Студенттик спектаклдердин республикалык фестивалы ачылат (программа)

Turmush -  Бүгүн, 22-мартта «Жаңы ысымдар» студенттик спектаклдердин республикалык театр фестивалы ачылат. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Фестивальдын ачылышы саат 16:00дө Кыргыз мамлекеттик Б.Кыдыкеева атындагы жаш жеткинчектер театрынын имаратында болот.

Ушул эле күнү саат 16:30да Кыргыз улуттук академиялык Т.Абдумомунов атындагы театрдын театр окуу жайынынын 4-курсунун студенттери М.Байжиевдин «Он экинчи күн» спектаклин коюшат.

Саат 18:30да ошол эле театр окуу жайынынын 2-курсунун студенттери О.Уайльддын «Жылдыздуу бала» спектаклин көрсөтүшөт.

Эртең, 23-мартта саат 16:00дө Кыргыз улуттук Ч.Айтматов атындагы орус драма театрынын кичи залында Кыргыз мамлекеттик Б.Бейшеналиева атындагы маданият жана искусство университетинин Театр жана кино факультетинин 3-курсунун студенттери М.Байжиевдин «Кыз-күйөө» спектаклин коюшат.

Саат 18:00дө Кыргыз мамлекеттик Б.Кыдыкеева атындагы жаш жеткинчектер театрынын имаратында Кыргыз мамлекеттик Б.Бейшеналиева атындагы маданият жана искусство университетинин Театр жана кино факультетинин 5-курсунун студенттери Ч.Айтматовдун «Жамийла» спектаклин коюшат.

24-мартта саат 16:00дө Кыргыз мамлекеттик М.Жангазиев атындагы куурчак театрынын имаратында «Тунгуч» жаштар театрынын студиясы Ж.Сейдакматованын «Лотос кыз» спектаклин көрсөтүшөт.

Саат 17:30да Кыргызмамлекеттик Б.Бейшеналиева атындагы маданият жана искусство университетинин Театр жана кино факультетинин 4-курсунун студенттери Ж.Садыковдун «Эр Төштүк» спектаклин коюшат.

25-мартта саат 16:00дө Кыргыз мамлекеттик Б. Кыдыкеева атындагы жаш жеткинчектер театрынын имаратында Кыргыз улуттук академиялык Т.Абдумомунов атындагы театрдын театр окуу жайынынын 4-курсунун студенттери А. Исмаиловдун «Сыйкырдуу данек» спектаклин коюшат.

Саат 17:30да Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин театр бөлүмүнүн 4-курсунун студенттери У. Шекспирдин «Махабатттын майнапсыз машакаты» спектаклин коюшат.

26-мартта саат 14:00дө Кыргыз мамлекеттик М.Жангазиев атындагы куурчак театрынын имаратында фестивалдын жабылышы болот.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×