Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-октябрь
Нарын облусуКочкор району 22.03.2016 11:57

Кочкордогу байыркы Баласагын шаарынын калдыктарын ар ким казып алып кетип жатат, - тарыхчы (фоторепортаж)

Turmush -  Кочкор районунун Кум-Дөбө айыл өкмөтүнүн Көк-Таш аймагында жер алдында калган Баласагын шаары учурда мыйзамсыз казылып, имараттарынын кыштары тонолуп жатат. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына тарыхчы Кайырбек Коңурбаев маалымдады.

Анын айтымында, XI кылымдын башындагы Баласагын шаарынын имараттары жер алдында жатат.

«Өлкө башчы А.Атамбаевге кайрылам. Бышкан кыштан салынган имараттар жер алдынан казылып жатат. Изилдөө керек, быйылкы жылы карабасак мындан ары каралбай калат. Тарых жана маданият жылында иликтөө жүргүзүп, бул жайды коргоп, курчап алышыбыз керек. Жер алдындагы баалуу табылгаларды чыгарып алып кетип жатышат. Аталган шаарча бар деген жерди 1988-жылы тоют топтоочу жай кылуу үчүн казышкан. Андан кийин 2011-жылы казышканда, имараттардын эшиктери табылган. Эми өткөн жылдан бери мыйзамсыз иликтөөчүлөр (черный археолог) улам келип казып жатышат», - деди К.Коңурбаев.

Анын айтымында, кыштарды казып, жергиликтүү тургундар да үйлөрүнө ташып кетишүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×