Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-октябрь
Ош облусу, Ош 22.03.2016 09:44

Видео — Ош шаарында «Акындардын падышасы Ош-Нооруз-2016» аталышындагы эл аралык сынак өттү

Turmush -  Ош шаарындагы Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрында 19-марттан 21-мартка чейин «Акындардын падышасы Ош-Нооруз-2016» эл аралык сынагы өттү.

Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына маалым болгондой, анда Кыргызстан, Казакстан жана Кытай Эл Республикасынан келген жалпы 8 акын күч сынашты.

Жарыштын жүрүшүндө акындар өз улутунун баатырларынын жана «Манас» эпосундагы каармандардын образын аткаруу менен ырдады.

Сынактын режиссеру СССРдин эл артисти Болот Шамшиев болсо, ага Кыргыз эл артисти Түгөлбай Казаков калыстык кылды.

Акындардын эл аралык сынагы Тарых жана маданият жылына карата Ош шаардык мэриясынын жана «Алтын комуз» продюсердик борборунун уюштуруусунда өттү.

Видео:

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×