Бөлүмдөр
Бейшемби, 24-октябрь
Талас облусу, Талас 21.03.2016 09:15

Таласта КР Жазуучулар союзунун мүчөсү, элеттик акын Ч.Аскаровдун поэзия кечеси өттү (фото)

Turmush -  Таласта Аман Токтогулов атындагы облустук китепканада элеттик жазуучу, акын Чынтемир Аскаровдун поэзия кечеси өткөрүлдү. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Кечеге Улуттук жазуучулар союзунун мүчөлөрү, акындын санаалаш достору, студенттер катышты. Алгач китепкана тарабынан даярдалган акындын өмүрү-чыгармачылыгы тууралуу фотобаян көрсөтүлүп, андан соң студенттер акындын ырларынан көркөм окуп беришти.

Акын өзү жаңы жазган ырларын келген конокторго окуп берди, ошондой эле басмадан жаны чыккан китептери менен тааныштырды. Акындын 75 жашын куттуктап келген санаалаштары белектерин тапшырышты.

Чынтемир Аскаров 1941-жылы Кара-Буура районуна караштуу Сулуу-Маймак айылында туулган. 1968-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин журналистика бөлүмүн сырттан окуп бүтүргөн. 1963-1964-жылдары райондук «Октябрь таны» гезитинде иштеп, 1965-жылдан баштап мугалимдик кесипке өткөн. Алгач «Манас» башталгыч мектебинде башчы болуп иштеп, кийин толук эмес орто мектеп ачылып, анын директору болгон. 2002-жылдан бери ардактуу эс алууда.

Ч.Аскаровдун «Айылыма» деген алгачкы ыры 1958-жылы «Ленинчил жаш» гезитине, андан кийин «Жалгыз алма» аңгемеси «Жаш Ленинчил» журналына басылып чыккан. Ошондон баштап анын ырлары жана ангемелери гезит беттеринен орун ала баштаган.

2000-жылы «Эне бактысы» аттуу биринчи ырлар жыйнагы, 2002-жылы «Сүйүү баяны», 2003-жылы «Ата Журт» ыр жыйнактары, «Белгисиз кыздын махабаты» прозалык чыгармалары, 2004-жылы «Айылдын сонун кечтери» ыр жыйнагы, «Атаман уурулардын тагдыры» жана башка китептери жарык көргөн. 2004-жылдан бери КР Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×