Бөлүмдөр
Бейшемби, 24-октябрь
Баракелде, Бишкек 21.03.2016 09:00

Бишкектеги «Нооруз - 2016» майрамына арналган иш-чаралардын программасы

Turmush -  Бишкек шаарынын мэриясы «Нооруз - 2016» майрамына арналган иш-чаралардын программасын даярдады, деп билдирди мэриянын басма сөз кызматы.

21-мартта саат 10:00дөн 13:00гө чейин Бишкектеги «Ала-Тоо» аянтында майрамдык иш-чара уюштурулуп, Бишкек шаарынын мэриясынын Маданият жана туризм башкармалыгынын «Марал» радиосу менен биргеликте даярдаган театрлаштырылган көрсөтүү жана концерт тартууланат.

Саат 11:30дан 17:00гө чейин Эски аянтта КР ТИМдин дипломатиалык корпусунун, «Кыргызпатент», Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун катчылыгынын катышуусунда кайрымдуулук көргөзмө-жарманкеси болот.

Саат 10:00дө Биринчи май районундагы №61 мектебинин алдында маданий-спорттук иш-чара өткөрүлөт.

Саат 13:00дө Щербакова, Көлмө, Ак-Босого, Калыс-Ордо жана Мурас-Ордо конуштарында маданий-массалык жана спорттук иш-чаралар уюштурулуп, райондун Балдар чыгармачылык борбору тарабынан майрамдык концерт тартууланат. Ошондой эле кичи-футбол, волейбол, баскетбол боюнча мелдештер өткөрүлөт.

19 жана 20-мартта саат 14:00дө Свердлов районунда №16 орто мектебинин спорт аянтчасында кичи футбол боюнча мелдеш өткөрүлөт.

20-мартта саат 18:00дө Ак-Тилек конушунда салттуу тамак сүмөлөк даярдала баштайт.

21-мартта саат 10:00дө Кара-Жыгач токоюнда жана Бакай-Ата конушунда тургундардын, жалпы билим берүү уюмдарынын жана музыкалык мектептердин катышуусунда майрамдык  иш-чара өткөрүлөт.

Саат 10:00дө Гоголь көчөсү №96 жана Куйбышев көчөсү №93 дарегинде жашоочулар үчүн майрамдык иш-чара өткөрүлөт. Саат 10:30дан 13:30га чейин Эне-Сай конушунун тургундары Нооруз майрамын өткөрүшөт.

Саат 11:30да Учкун конушунда №89 орто мектеп тарабынан уюштурулган майрамдык концерт өткөрүлөт жана сүмөлөк таратылат. 11:30дан 14:30га чейин Ак-Бата конушунда майрамдык иш-чара уюштурулат.

Саат 11:00дөн 14:00гө чейин Дордой жана Дордой-2 конушунда концерт, улуттук спорт оюндары жана майрамдык түшкү тамактануу уюштурулат. 12:00дөн 15:00гө чейин Келечек конушунун №87 орто мектебинин спорт аянтчасында конуш тургундары үчүн концерт, улуттук жана спорттук оюндар өткөрүлөт.

Ленин районунда 21-мартта 14:00дөн 17:00гө чейин Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филамонияда майрамдык иш-чара өткөрүлөт. Ошондой эле райондо «Жаз – Нооруз - 2016» балдар конкурсу жана спорттук оюндар, көргөзмөлөр өтөт.

Саат 11:00дө Арча-Бешик конушунда №4 МАБдын тургундары үчүн улуттук тамактар менен сыйлоо майрамдык иш-чарасы уюштурулат. Саат 12:00дө «Манас» кинотеатрынын алдында №5 МАБдын тургундары үчүн майрамдык иш-чара өткөрүлөт.

Саат 14:00дө Ак-Ордо конушунда жашоочулар үчүн майрамдык сыйлоо даярдалат. Ушул эле учурда Манас айылында майрамдык иш-чара өткөрүлөт.

Октябрь районунда 19 жана 20-мартта «Сейтекте», Асанбай жана Көк-Жар кичирайондорунда кичи-футбол жана баскетбол боюнча мелдеш өткөрүлөт. 21-мартта саат 10:00до район тургундары үчүн майрамдык иш-чаралар жана спорттук мелдештер өтөт.

Саат 14:00дөн 16:00гө чейин Ата-Түрк сейил багында №4,5,6,7 балдар музыкалык мектебинин жана «Таберик» ансамблисинин катышуусунда «Нооруз-2016» майрамдык иш-чарасы өткөрүлүп, мастер-класстар, асфальтка сүрөт тартуу, элдик эс алуулар, аркан тартыш, тогуз коргоол, ордо жана башка спорттук оюндар уюштурулат.

Ошондой эле Октябрь районунда мектепке чейинки жана жалпы билим берүү мекемелеринин мугалимдери арасында «Ыр кесе» өткөрүлөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×