Бөлүмдөр
Жума, 18-октябрь
Талас облусу, Талас 18.03.2016 16:35

Таласта Нооруз майрамына карата даярдыктар башталды (фото)

Turmush -  21-март — Нооруз майрамын жогорку деңгээлде өткөрүү максатында акыркы эки күндөн бери Талас шаарынын борбордук аянтында даярдыктар көрүлүүдө. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына майрамдык салтанаттын уюштуруучусу Нурлан Эржанов маалымдады.

Майрамдык салтанатта кыргыз элинин көчмөн жашоосу чагылдырылып, Талас облустук К.Медетбеков атындагы музыкалык драма театрынын актерлору тарабынан көрсөтүлөт.

Иш-чарага шаардагы орто мектептин окуучулары да катышат. Майрам күнү облустун бардык аймагынан келген конокторго жагымдуу маанай тартуулоо үчүн концерттик программа уюштурулат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×