Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Ысык-Көл облусу, Каракол 18.03.2016 16:18

Каракол шаарында «Мен кыргыз экендигиме сыймыктанам!» кароо-сынагы өттү (фото)

Turmush -  Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында «Мен кыргыз экендигиме сыймыктанам!» деген аталыштагы кароо-сынак өттү, деп билдирди Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы.

Аталган сынак эгемендүүлүктүн 25 жылдыгына, ЮНЕСКОнун 70 жылдыгына арналды. Ага облустун район-шаарларындагы кароо-сынакта жеңишке жетишкен окуучулар катышты.

Кароо-сынак кенже топтор жана чоң класстагы окуучулар арасында өтүп, жыйынтыгы менен 1-2-3-орундун ээлери аныкталып, жеңүүчүлөр Каракол шаардык «Билимстан» билим берүү борборунун, ЮНЕСКОнун Ардак грамотасы менен сыйланды.

Cынакта 1-орунду ээлеген жеңүүчү эгемендүүлүктүн 25 жылдыгына, ЮНЕСКОнун 70 жылдыгына арналган «Мен кыргыз экендигиме сыймыктанам!» республикалык кароо-сынагына катышууга жолдомо алды.

Жеңүүчүлөр:

- Ак-Суунун Ак-Булуң айылындагы Ыбрай Туманов атындагы мектептин окуучусу Сайкал Атабаева;

- Тоң районунан Шаменов Элмирбек;

- Чолпон-Ата шаарынан Эгинбаев Кудайберген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×