Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-октябрь
Ысык-Көл облусу, Чолпон-Ата 18.03.2016 14:13

Чолпон-Атада Үркүндүн 100 жылдына арналган сүрөт көргөзмө уюштурулат

Turmush -  Чолпон-Ата шаарындагы облустук тарыхый-маданий корук музейинде Үркүндүн 100 жылдына арналган сүрөт көргөзмө уюштурууга даярдыктар көрүлүп жатат. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Маалыматка караганда, көргөзмөгө облустагы сүрөтчүлөр союзунун 20 мүчөсүнүн Үркүн темасында тартылган сүрөттөрү, жасалган композициялары коюлат. Учурда музейге 40ка жакын сүрөт илинип, даярдык кызуу жүрүүдө.

20-мартта өтө турган көргөзмөгө Маданият, маалымат жана туризм министри Алтынбек Максүтов катыша тургандыгы пландалып жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×