Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-октябрь
Баракелде, Бишкек 18.03.2016 13:44

Режиссер Нуржамал Дамирдин дипломдук киносу Канн эл аралык кыска метраждуу кинофестивалдардын каталогуна кирди

Turmush -  Режиссер Нуржамал Дамирдин дипломдук кинотасмасы Канн эл аралык кыска метраждуу кинофестивалдардын каталогуна кирди, деп билдирди бүгүн, 18-мартта КРнын маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы.

Кино жана телеберүү Жогорку мектебинин кыргыз режиссеру Марат Сарулунун чеберканасынын бүтүрүүчүсү Нуржамал Дамир дипломдук «Фрунзе» кинокартинасын тарткан. Көрүүчүлөргө Нуржамал Дамир 2013-жылы тартылган «Өгүз аял» («Бычара») тасмасы менен белгилүү.

«Фрунзе» тасмасы ушул жылдын 11-22-майында өтүүчү Канн эл аралык кинофестивалынын «адистер үчүн кыскаметраждуу тасмалар» бөлүмүнүн каталогуна кирди.

«Фрунзе» тасмасы Т.Океев атындагы улуттук «Кыргызфильм» киностудиясынын техникалык колдоосу менен биргеликте тартылган, узактыгы -18 мүнөт.

Тартуу тобу:

Сценарий: Нуржамал Дамир

Режиссер: Нуржамал Дамир

Оператор: Александр Барышников

Сүрөтчүсү: Руслан Исманов

Үн режиссеру: Мурат Ажиев

Директор: Изат Жакипов

Актердук курам:

Султан: Салим Рафибеков

Апа: Наристе Алиева

Салтанат: Аяна Касымова

Ата: Азиз Осмоналиев

Арсен: Эрсултан Алыкулов

Улан: Улан Оморов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×