Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Нарын облусу 17.03.2016 13:55

Нарындык окуучулар Нооруз майрамына карата «Сармерден» уюштурду (фото)

Turmush -  Бүгүн, 17-мартта Нарын шаарындагы №1 Т.Сатылганов атындагы мектептин окуучулары Нооруз майрамына карата кыз-жигиттердин «Сармерден» оюнун уюштурду. Бул тууралуу мектеп директорунун тарбия иштери боюнча орун басары Нуржан Ибраева билдирди, деп маалымдайт аймактык кабарчы.

Н.Ибраеванын айтуусу боюнча, окуучулар Нооруз майрамына карата «Салам сага санжыралуу Ноорузум» аталышындагы чакан иш-чара уюштуруп, кыз узатуу, баланы бешикке салуу сыяктуу улуттук каада-салттарды чагылдырышты. Ошондой эле мектептин 10-11-класстарынын окуучулары «Сармерден» таймашын көрсөтүштү.

«Иш-чаранын максаты — унутта калып бара жаткан улуттук каада-салттар менен оюндарды келечек муунга таанытуу», - деп билдирди Ибраева.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×