Бөлүмдөр
Бейшемби, 24-октябрь
Баракелде, Бишкек 17.03.2016 13:30

Мамлекеттик тарых музейде «Интергельпонун» 90 жылдыгына арналган көргөзмө ачылды

Turmush -  Бүгүн, 17-мартта Мамлекеттик тарых музейде Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков менен Чехия парламентинин төрагасы Ян Гамачектин катышуусунда «Интергельпо» кооперативинин 90 жылдыгына арналган «Адам кыялындагы миссионерлер» деген темадагы көргөзмөнүн ачылышы болду.

А.Жээнбеков өз сөзүндө Кыргызстандын атамекендик өнөр жайынын калыптанышындагы жана бекемделишиндеги чех ыктярчыларынын баа жеткис салымын белгиледи.

Анын айтымында, өткөн кылымдын 20-жылдарында Кыргызстанга келген чехтерден, словактардан, венгрлерден, поляктардан, немецтерден турган ыктыярчылардын талыкпаган күч-аракетинин негизинде электростанциялар, темир жана жыгач иштетүүчү устаканалар, тактай тилүүчү жайлар, тери иштетүү заводу жана башка бир катар ишканалар колдонууга берилген. «Интергельпонун» көмөгү менен Кант шекер заводу, Түркстан-Сибирь темир жолу, Фрунзе эт комбинаты, Чүй сугат суу тутуму жана көптөгөн турак үйлөр, эс алуу жайлары курулган.

Өз кезегинде Ян Гамачек чехтер менен словактар Кыргызстандын тарыхында жакшы из калтыргандыгын айтып, алар менен сыймыктанаарын билдирди. «Биздин жердештер бул жакка 90 жыл мурун бир туугандык жардамын берүүгө келишкен. Алар алдыга коюлган оор милдетти татыктуу аткара алышкан», - деди Ян Гамачек.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×