Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-октябрь
Ош облусу, Ош 17.03.2016 10:43

Өзгөндө 12 китептин автору М.Мусабаеванын поэзиялык кечеси өттү (фото)

Turmush -  Өзгөн шаарында Бабур атындагы мектептин директору, акын Матлюба Мусабаеванын «Мукадасс аел» (барктуу аял деген мааниде) деген аталышта чыгармачыл кечеси өттү. 12 китебин жарыкка чыгарган акын Матлюба Мусабаеванын чыгармачылык кечесине Өзгөн шаарынын вице-мэри Рахманжан Атажанов, маданият тармагында үзүрлүү эмгектенген инсандар катышты, деп билдирди аймактык кабарчы.

Кече Матлюба Мусабаева буга чейин эмгектенген В.Ленин атындагы мектепте өттү. Кеченин жүрүшүндө окуучулар анын жазган ырларын көркөм окуп, чыгармаларынан үзүндүлөр аткарылды.

Учурда акын Тарых жана маданият жылына карата Өзгөндүн тарыхы тууралуу маалыматтарды жыйнап жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×