Бөлүмдөр
Шаршемби, 11-декабрь
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 23.01.2014 15:51

Ак-Суу акимине Шахты-Жыргалаң көмүр кенинин ишин жандандыруу милдеттендирилди

Turmush -  Ак-Суу районунун Шахты-Жыргалаң айыл тургундары, эл менен жолугушууга келген КР өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Каптагаевге кайрылып, жардам берүүнү, көмүр кенинин ишин жандандырып, жумуш менен камсыз кылууну суранышты. Бул тууралуу аймактык кабарчы маалымдады.

Жолугушууда айтылгандай, эл жумушсуздуктан жана жакырчылыктан кыйналып турат.

Ак-Суу районунун Шахты-Жыргалаң айылында кен өндүрүү, көмүр казуу өркүндөп турган учурда калкынын саны 3 миңден ашык болсо, азыр бул аймакта жашагандар 2 миңге жетпейт. Абалдын ушундай өзгөрүшү өнөр жай ишканалары иштебей калып, жумушсуздуктун айынан болгон. Элдин көбү, өзгөчө колунан иш келген адистердин баары башка жактарга көчүп кеткен. Жаштар Орусиянын ар тарабына жумуш издеп, жан багуунун айласын кылып кетишкен.

Облус башчысы көмүр кенинин ишин жандандырууга инвестор издеп, долбоор даярдоого киришүүнү райондун бийлик өкүлдөрүнө тапшырды.

Ал эми ошол аймактагы Ак-Чий айыл өкмөтүнүн жетекчилиги Шахтынын элине өз көмөгүн аянбай турганын айтып, эгин айдоого, картошка себүүгө ижарага жер бөлүп берүү жагын чечмей болду.

Айта кетсек, Шахты-Жыргалаң айылында учурда миңде жакын элеттиктер жумушсуз.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×