Бөлүмдөр
Шейшемби, 12-ноябрь
Баракелде, Бишкек 19.02.2016 11:58

Мына «Кыргызгазды» 1 долларга сатышты, баары нормалдашты, - депутат Ө.Бабанов

Turmush -  Мына «Кыргызгазды» 1 долларга сатышты, баары нормалдашты, деди бүгүн, 19-февралда депутат Өмүрбек Бабанов («Республика–Ата Журт») фракциянын жыйынында.

Анын айтымында, бул чечимден кийин өлкөдө газ менен абал турукташты.

Өз кезегинде депутат Бакытбек Сыдыков, мамлекет - бул өтө начар менчик ээси деп эсептеди.

Депутат Аида Исмаилова, Б.Сыдыковдон мыйзам долбоорундагы «натура» деген сөздүн маанисин сурап, балким бул текстти басуудагы ката деп болжолдоду.

«Мен түшүнөм, аялдар үчүн «натура» деген түшүнүк башкача мааниде, бирок бул жакта жерлер жана башка менчиктер тууралуу сөз болуп жатат», - деп түшүндүрү Сыдыков.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×