Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-октябрь
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 20.01.2016 12:39

Кара-Көлдүн тургуну шаарды көрктөндүрүү үчүн павловния дарагын отургузууну сунуштоодо (фото)

Turmush -  Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында павловния дарагын отургузуу керек. Мындай пикирин шаардын 28 жаштагы тургуну Луиза Жороева билдирди.

Анын айтымында, шаардын Пойма бөлүгүндөгү №3 көп кабаттуу үйдүн арты таштандыга толуп турат.

«Павлония дарагы жазында отургузулат. Күзгө чейин 3 метр өсүп, бир жылдан соң апрель, май айында кооз гүл ачып, айлананы көрккө бөлөмөк. Ушул нерселерди шаар мэри колго алып, таштандыларды тазалатып, анын ордуна балдар аянтчасын куруп берсе жакшы болмок», - дейт ал.

Сүрөттөр: Интернеттен алынды

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×