Анын айтымында, Таластагы нан заводунда камыр даярдоочу болуп 8 жыл эмгектенген. Завод 1995-жылы жабылган соң жумушсуз калган. Жеке ишкерчилигин баштоо тууралуу көпкө ойлонгон соң улуттук суусундук болгон бозо жасоону баштаган. Ал учурда бозо жасоо менен алектенгендер болгон эмес.
Алгач талкан кошулуп ачытылган жүгөрүнүн шагы казанга салынып, жай от жагылган мешке 1,5-2 саат убакыт кайнатылат. Шакты 2-3 жолу бозо алгыдай өлчөмдө кайнатат. Кайнатылган шак өтө муздай электе, жылымык абалда анын тең бөлүгүнө же үчтөн бир бөлүгүнө ачыткы кошуп, аны салган идиштин сыртын жылуулап коет.
Эртеси күнү ачытылган шакты кичине өлчөмдө атайын даярдалган «ак суу» менен аралаштырып, марлиге салган соң аталгы менен сүзүлөт. Шак биринчи жолу сүзүлгөндө бозо алынып, экинчиси «ак суу» болот. «Ак сууну» кайрадан марлиге салынган шакка кошуп сүзүү менен бозо алат.
Шакты эки жолу сүзүп, суюгу алынгандан кийин чыккан топ (шакка ак суу кошулуп сүзүп алгандан кийинкиси) мал-жандыктарга жана тоокторго жем катары пайдаланылат.
Ш.Бейшеналиев күнүнө 25-50 литр бозо сатат. Бозо сатуу менен тапкан кирешесине 2 кызын жогорку окуу жайдан окуткан. Улуу кызы юрист кесибин алып, учурда сот органдарында эмгектенүүдө. Кичүү кызы экономикалык жогорку билим алган. Ал эми, кичүү уулу учурда окуучу. Ага бозо жасоодо уулу менен жубайы жардам берет.