Кара-көлдүк манасчы Салимбай Турсунбаев 62 жашында дүйнө салды.
Б.Рысбеков атындагы жалпы дарыгерлер практикалоо борборунун маалыматына караганда, Салимбай Турсунбаев инсульт менен 20-сентябрда түнкү саат 02:25те жандандыруу бөлүмүнө түшкөн.
Манасчы комага түшүп, бүгүн, 22-сентябрда саат 06:45те каза болду.
Ал 1959-жылы 13-январда Токтогул районунун Кайырма айылында жарык дүйнөгө келген.
Турсунбаев Токтогул ГЭСтер каскадында күзөттө эмгектенчү. Мындан тышкары, шаардык маданият үйүнүн усул бөлүмүндө башкы усулчу, балдардын атайын билим берүү борборунда «Манас» эпосу сабагынан мугалим болуп иштеп келген.
Буга чейин манасчы менен аймактык кабарчы маектешкен. Анда ал «Манас» эпосунан кантип үзүндү айтып калганын айтып берген.
Манасчынын мындан 6 жыл мурунку маеги:
- Салимбай агай, «Манас» эпосунан үзүндү айтып калууңузга эмне түрткү болду?
- Атам Орозбай «Манас» эпосун жорго сөз менен сабалатып айткан чоң төкмө болгон. Ушундан улам, атамдан «Манас» жөнүндө көп угуп, шыгым эрте ойгонгон. Мен 6-7-класста окуп жүргөндө «Манас» эпосунан үзүндү айта баштадым. Кээде уктап жаткан жеримен тура калып «Манас» эпосунан үзүндү айтып, түн ортосунда чочуп ойгонгон күндөр болгон.
«Манас» эпосунан үзүндү айтуу боюнча сынактарга катышып жүрдүм. Райондук сынактан жеңүүчү болуп, Фрунзеге жолдомо алдым. Бирок, кырсыктап, колум сынып, сынакка катыша албай калдым. Таенем ырым-жырымга ишенген адам эле. «Манас» эпосунан үзүндү айтып жүрүп колуң сынды, мындан ары айтпагын деп тыюу салды. Ошентип, эл алдына чыкпай калдым. Эч ким жокто, үйдө жалгыз отурганда айтчумун. Андан кийин ыр жазып баштадым. «Сезимдеги элестер» деген китеп чыгардым, учурда экинчи китепти чыгарууга аракет кылып жатам.
- Кийин сынактарга кантип катышып калдыңыз?
- 1987-жылы Жаныш Кочкоров менен таанышып, ошол адам менен чыгармачылыкта бирге иштешип калдым. Ал менин «Манас» эпосунан үзүндү айтканымды байкап, 1992-жылы Сагынбай Орозбаковдун 125 жылдыгына арналган облустук манасчылар сынагына катыштырды. Ал жактан жеңүүчү аталып, республикалык турдан 3-орунду ээледим.
1994-жылы Бүткүл дүйнөлүк эл аралык манасчылар сынагында республикада 3-орунга жетип, Кыргызстандагы алдыңкы манасчылардын катарына кошулдум. Ошондой эле, улуу манасчылар, семетейчилер: Сейдана, Кааба Атабеков, Уркаш Мамбеталиев, Шаабай Азизовдордон бата алып, алар менен чогуу жүрдүм. Таластан чыккан манасчы Асанкан Жуманалиев, Назаркул Сейдрахманов кошо жүрүп, тажрыйба топтодум.
- Кайсы манасчынын варианты менен айтасыз?
- Мен көбүнчө Саякбай Каралаевдин вариантына басым жасайм. Кичинемден анын айткандарын угуп, таасирленип, аны туурап айтчу элем. Бул залкар манасчынын айтуу стили мага жагат. Өзүмдүн вариантымда 6000 сапты Жалал-Абаддагы фольклор топтоо бөлүмүнө жазып, тапшырдым. Жакында Бишкектеги Илим изилдөө академиясынын өкүлү келип «Алманбет менен Чубактын жол талашуусун» өзүмдүн вариантымда 1 жарым саат айттырып, жазып кетти.
- «Манас» эпосун жаттабай, төгүп айтат экенсиз. Эң узак канча убакытка чейин айта аласыз?
- 2012-жылы республикалык деңгээлде «Залкарлыкка жол» аттуу манасчылардын сынагы өттү. Ага 25 манасчы катышып, тандоодон 6 манасчы өттү. Алардын арасында мен да бармын. Сынактын жобосу боюнча тынбай 4 саат бою «Манас» эпосунан үзүндү айтуу келек эле, мен 1 саат 45 мүнөт айттым. Калыстар тобу «сиз манасчы деген наамга татыктуу экенсиз» деп айтышты. Ошентип сынактын экинчи туру өтүп, 2,5 саат тынбай айттым. Сынактын жобосу боюнча 6 саат тынбай «Манас» эпосунан үзүндү айтуу керек болчу. Мен 2,5 саат айткандан кийин калыстар тобу токтотту. Ошентип бул сынактан 3-орунду ээледим.
«Манас» эпосунан үзүндүнү эң узак 6-7 саатка чейин айтам. Андан узак дагы айтса болот, бирок, айтканга караганда уккан кыйын, көбү түшүнө бербейт. «Манас» эпосунан үзүндү айтууда турмуштук эпизоддорго караганда согуштук эпизоддорду жакшы, жогорку чеберчилик менен айтам. Мисалы, Көкөтөйдүн ашындагы чыр-чатактарды, Чоң казаттагы согуштарды образга кирүү менен айтам.
- Сиздин «Манас» эпосунан үзүндү айтуудан тышкары төкмөлүк өнөрүңүз да бар...
- Төкмөлүк өнөр болгону менен комуз черте албайм. Менде музыкалык шык жок экен. Анын үстүнө төкмө болууга умтулган жокмун, манасчылыкка көп басым жасайм. Өзүмдү манасчы катары эсептейм.
- Көптөгөн тойлорду алып барганыңызды билебиз, тамада болгонуңузга канча убакыт болду?
- 20 жылдан бери тамада болуп иштейм. Тамадалыкты Жаныш Кочкоровдун чыгармачылык кечесин алып баруудан баштадым. Ал 90-жылдардын ортосу эле, эл кыйналып турган убак, тойлорду бекер эле алып барчумун. Азыр дагы той алып барганым үчүн белгилүү бир сумманы сурабайм. Той өткөргөн адамдын жашоо шартын эске алам, той ээси менен келишимдин негизинде бекерден 10 миң сомго чейин алып барам. Таш-Көмүр, Кербен, Чаткал, Ала-Бука, Токтогул, Тогуз-Торого чейин, ошондой эле, коңшу Казакстанга чейин чакырышат. Алыс жактарга өздөрү жол киремди төлөп, алып кетип, кайра алып келишет.
- Балдарыңыздын арасында сиздин жолуңузду жолдогондор барбы?
- 4 уул, 1 кызым бар. Балдарымдын эң кыйыны — менден ашып түшкөн манасчы, акын, 2 китептин автору, Кыргызстан жазуучулар союзунун мүчөсү, маданияттын мыкты кызматкери Жылдызбек Турсунбаевди айта алам.