Turmush — Талас шаарынын 38 жаштагы тургуну Айзат Акимжанова баатыр энелердин катарын толуктады. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.
Өзүнүн айтымында, кесиби боюнча экономист.
«Кесибим боюнча алгач банкта иштедим. Үй-бүлөлүк шартка байланыштуу, турмушка чыгып, декреттик өргүүдө олтуруп калдым. Ошол учурда катары менен балдарыбыз төрөлүп, өзүмдүн хоббим менен алектенип баштагам. Кичинемден кол өнөрчүлүккө кызыгып, апамдан үйрөнгөм. Кийин ошол нерсе менен оокат таап баштадым. Азыркы күнгө чейин тигүүчү болуп алектенип келем. 15 жылдан ашык убакыттан бери, үй тиричилигине керектүү буюмдарды тигем, парда, төшөк, кыздардын себин жасайм.
Жолдошум Таалай Каймазаров 43 жашта. Экөөбүз тең көп балалуу болууну каалачубуз. Мен өзүм үй-бүлөдө 6 бир тууганмын. Мен эң кенжесимин. Баары менден көп жаш улуу болуп, үйдө атам апам менен жалгыз мен калдым. Кошуналардын үйүнөн көп бала чыкса, аябай жакшы көрүнчү. Анан мен жалгызмын. Аларга суктанып, мен көп балалуу болсом деп айтчумун. Кудайым эмне тилесең берет экен. Ар бир бала өзүнүн ырыскысы менен төрөлүп, эч нерседен кем кылбай багып жатабыз. Улуу кызыбыз Салтанат 17 жашта. Ал эми эң кичүү ысыркайыбыз Нафиза кызыбыз жакында эле жарык дүйнөгө келди. 3 уул, 4 кыздын ата-энеси болдук.
Биз жаңы үйлөнгөн учурда Сокулукта жашаганыбыз. Алгачкы балдарыбыз ошол жакта төрөлгөн. Ал жакта чоң район болгондуктан, аябай тажрыйбалуу дарыгерлер төрөтүшөт деп айтышат. Акыркы 2 баламды Талас облустук ооруканасынан төрөдүм. Мен ушул жерден өзүмдүн аябай ыраазы болгон нерсемди айтып кетким келип жатат. Азыркы учурда ооруканага өз ишин мыкты билген жаш адистер келиптир. Толгоо башталгандан баштап улам карап, жакшы сөз менен колдоо көрсөтүп, аябай төрөт да жеңил өтөт экен. Төрөт аял үчүн аябай кыйын процесс. Анан ошол жерде дарыгер кыйкырып, урушуп койсо да, эки эсе оор болгондой болуп калат. Акыркы төрөтүм аябай оор өттү. Бирок жүрөгүмдү жылыткан сөздөрдү айтып, туура төрөтүп, жакшы караган кыздар болуп, аябай ыраазы болдум.
Негизи ар бир балам төрөлгөндө эсте калган учурлар болду. Бирок унутпаган учур бар. 2018-жылы атам каза болду. Мен атама аябай жакын болуп чоңойгондуктан, мен үчүн аябай оор жоготуу болуп, оор кабыл алдым. Ошол учурда алтынчы кызым боюмда бар болчу. Төркүнүм Сокулук районунда турушат. Атамдын кырк ашына барам деп Таластан таксиге олтургам. Ичинде 7 жүргүнчү бар. «Хонда Степвагон» үлгүсүндөгү автоунаа болчу. Шашканда карабаптырмын, баары эркек кишилер экен. Кышында 14-февраль күнү болчу. Мен Суусамырга жеткенде толгоом келип, таксист менен жүргүнчүлөрдү шок кылгам. Өзүм дагы Сокулуктагы өзүм тааныган ооруканага жетейин деп тиленип баргам. Барганда кабылдамадан төрөп койгонум эсимден кетпейт. Үйдөгүлөр дагы аябай шок болушкан. «Күнүң жакын калганда ойлонуп, узак жолдо келбей, ооруканада калбайт белең» деп урушушкан.
Балдарыбызга ысымын жакындарыбыз ыйгарышкан. Ар бир ысымы жакшы сөз, жакшы маанини түшүндүрөт. Жетинчи кызыбыздын атын гана жолдошум өзү койду. Нафиза деген ысым араб тилинен кыргызчага которулганда датка айым деген сөз экен.
Балдарым менин бактым, баарын тегиз, бирдей жакшы көрөбүз. Атасы дагы болгон аракетин балдарына жумшайт. Балдарыбыз жакшы адам болсо экен деп тиленип олтурабыз», - деди ал.