Бөлүмдөр
Шейшемби, 19-ноябрь
Баткен облусу, Баткен 20.10.2015 12:12

М.Бердишев Баткен облустук телерадиокомпаниясынын башкы директору кызматына дайындалды

Turmush -  Баткен облустук телерадиокомпаниясынын башкы директорлугуна Мамажан Бердишев дайындалды деп маалымдайт Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы.

Маалыматта айтылгандай, Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Альбина Дүйшөнбиева кечээ, 19-октябрда Баткен шаарына болгон иш-сапарынын алкагында телерадиокомпаниянын жамаатын жаңы жетекчи менен тааныштырды.

Өкмөттүн 2014-жылдын 17-июнунда бекитилген №340 токтомуна ылайык, Маданият, маалымат жана туризм министрлиги облустук телерадиокомпаниялардын, облустук жана райондук гезиттердин уставын, түзүлүшүн жана штаттык эсебин бекитүүдө.

Мындан тышкары облустук телерадиокомпанияларынын жана гезиттик редакциялардын жетекчилерин иштен бошотуу жана дайындоо Маданият министрлиги тарабынан жүргүзүлүүдө.

Жогоруда көрсөтүлгөн токтомду аткарууда телерадиокомпаниялар юиридикалык жак жана жалпыга маалымдоо каражаттары катары кайрадан каттоо иштеринен ийгиликтүү өтүштү.

Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин карамагындагы маалымат жана массалык коммуникация департаментинин көрсөтмөсү боюнча уставка ылайык жана өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү менен макулдашуулар боюнча Мамажан Бердишевдин талапкерлиги министр тарабынан жетекчиликке бекитилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×