Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 18-ноябрь
Баракелде, Бишкек 04.10.2015 17:33

Саат 14:00до шайлоочулардын 29,9% добуш берди, - БШК

Turmush -  Бүгүн, 4-октябрда Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Жаркын Бапанова Бишкектеги маалымат жыйында шайлоонун жүрүшү жөнүндөгү акыркы маалыматтарды берип, шайлоо активдүү өтүп жаткандыгын кошумчалады.

«Бүгүн саат 14:00до 820 078 шайлоочу добуш берди. Бул тизмеге кирген шайлоочулардын 29,9% түзөт», - деди ал.

Бишкек шаарында - 368 194 адамдын 99 миңи добуш берди (26,9%);

Ош шаарында – 133 388 адамдын 36 801 добуш берди (27,6%);
Жалал-Абад облусу – 495 455 адамдын 148 698 добуш берди (30,1%);
Ош облусу – 557 309 адамдын 152 072 добуш берди (27,5%);
Баткен облусу – 223 763 адамдын 71 386 добуш берди (31,9%);
Чүй облусу – 453 754 адамдын 144 472 добуш берди (31,8%);
Ысык-Көл облусу – 241 012 адамдын 72 681 добуш берди (32,2%);
Нарын облусу – 150 137 адамдын 51 819 добуш берди(34,5%);
Талас облусу – 122 982 адамдын 42 139 добуш берди (34,3%);

Чет өлкөлөрдө 15 344 адамдын 741 добуш берди (4,8%)

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×